Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:24

27-март - Эл аралык театр күнү


Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык театр күнүн белгилөө Ала-Тоо аянтында театр ишмерлеринин жүрүшү менен башталып, андан кийин Токтоболот Абдумомунов атындагы улуттук драма театрында уланат.

Бул күнү театр ишмерлерине улуттук "Эргүү" сыйлыгы тапшырылат. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги театр ишмерлерин сыйлоо үчүн 600 миң сомдон ашуун акча бөлгөн. Аталган министрликтин басма сөз кызматы Жийде Зоотбекованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, сыйлык тапшыруу аземи Т. Абдумомунов атындагы улуттук драма театрында өтөт.

"Эргүү" улуттук сыйлыгы 2013-жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Театр ишмерлери союзу жана "Айтыш" фонду тарабынан уюштурулган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG