Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Университетте жаңжалдашкан окутуучулар боюнча комиссия түзүлдү


Соцтармактарда тараган сүрөт.
Соцтармактарда тараган сүрөт.

Бишкекте Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окутуучуларынын жаңжалын атайын комиссия иликтеп жатат.

Аталган окуу жайдын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, комиссия ошол эле университеттин кызматкерлеринен куралды.

23-мартта кафедра башчы менен окутуучунун мушташканы тууралуу видео Интернетке чыккан. Жаңжал салган окутуучунун бири мас экени, аны менен милиция кызматкерлери сүйлөшүп жатканы тасмага жазылган. Окуя Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынган.

Чыр университеттин короосунда болгон. Эки окутуучу тең ооруканада жатышат. Комиссиянын корутундусу 28-мартта чыгат. (SE)

XS
SM
MD
LG