Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Кыргызстанда медреседе окугандар эки эсе көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку эки жылда Кыргызстанда медреседе окугандардын саны эки эсе арбыды. Муфтияттын Фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан Эратовдун айтымында, учурда өлкөдө 8200 окуучу медреседе билим алат. Эки жыл мурун бул көрсөткүч төрт миңдин тегерегинде болчу.

Эратов мындай маалыматты бүгүн Бишкекте өтүп жаткан "Ислам диний билим берүү системасын жакшыртуу маселелери" аттуу жыйында билдирди.

Кыргызстанда 104 медресе каттоодон өткөн. Андан тышкары диний билим берген орто жана жогорку онго жакын окуу жай бар.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия шарттары талапка жооп бербеген 23 медресеге быйыл эскертүү бергени, ага чейин алты медресе жабылганы ушул жыйында айтылды.

Эреже боюнча, балдарга диний жогорку билими бар мугалимдер, тыюу салынган агымдарга мүчө болбогон кишилер сабак бериши керек. Окуу планына дүйнөбий билимдер, өнөр үйрөнүү сыяктуу сабактар да киргизилиши зарыл. Балдардын конституциялык укуктары сакталууга тийиш.

"Ислам диний билим берүү системасын жакшыртуу маселелери" аттуу жыйынды "Булан" институту Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен бирге уюштурду.

Быйыл январда президент Сооронбай Жээнбеков дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат дүйнөбий принциптерге таянып жүргүзүлүшү керектигин айткан.(ErN\SE)

XS
SM
MD
LG