Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

"Tez Jet" компаниясынын дагы бир учагы Баткенге жетпей Бишкекке кайтты


"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

Аба ырайына байланыштуу Бишкек-Баткен каттамындагы учак 27-март күнү бараткан дарегине жетпей, кайра артка кайтты. "Tez Jet" компаниясынын 107-каттамдагы учагы саат 11:15те учуп, 12:13дө кайра келип конду. "Flightradar24.com" сайтынын маалыматына ылайык, учак Жалал-Абад аймагынан кайра тарткан.

"Tez Jet" компаниясынын өкүлү Бахтияр Үсөнов Баткенде жамгыр жаап, учакты кондурууга шарт начар болгондуктан "Манас" эл аралык аэропортуна кайтууга мажбур болгонун билдирди. Жүзгө жакын жүргүнчүнүн айрымдары билеттин акчасын алууда. Кээ бирлери бейшемби күнкү каттамга которулду.

Ушундай эле кырдаал 13-мартта да болгон.

1-март күнү да бул компаниянын Бишкек-Баткен багытында бараткан учагынын кыймылдаткычы иштен чыгып, 22 мүнөт учкан соң кайра Бишкекке кайткан. Бул факты боюнча Бишкек милициясы "Аба, темир же суу жолундагы эксплуатация жана кыймыл эрежелеринин бузулушу" деген берене менен кылмыш ишин козгогон.

Кыргызстандагы авиакомпаниялар "тийиштүү талаптарга жооп бербейт" деген негизде Европа Биримдигинин "кара тизмесине" 2006-жылы кирген. (SE)

XS
SM
MD
LG