Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Бишкекте Кемероводогу өрт курмандыктары эскерилип жатат


Гүлдөр коюлган жерлер.
Гүлдөр коюлган жерлер.

Кыргызстандыктар Кемерово шаарындагы өрттөн курман болгондорду эскерип жатышат. 27-март күнү тургундар Орусиянын Бишкектеги элчилигинин жанына гүл жана жумшак оюнчуктарды коюп, каза болгондордун жакындарына көңүл айтышты.

Кемероводогу "Зимняя вишня" соода борборунда 25-март күнкү өрт расмий эсепте 64 адамдын өмүрүн кыйды. Алардын көбү балдар. Күбөлөр көз жумгандар андан көп экенин айтышууда.

Кырсыктын себеби аныктала элек. Мерт болгондор менен жараат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок экени расмий кабарланган.

Апаат болгон жерге барган президент Владимир Путин кырсык шалаакылыктан улам болгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG