Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Кыргызстан-Индия: кыргыз футболчулары 2:1 эсебинде утту


Кыргыз футбочлулары талаада.
Кыргыз футбочлулары талаада.

Бүгүн, 27-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешип, 2:1 эсебинде кыргыз футболчулары жеңишке жетти.

Кыргызстандан топторду Антон Землянухин (2-мүнөт) жана Мирлан Мурзаев (71-мүнөт) киргизди.

​Индиялык футболчулар оюн бүтөөрүнө аз калганда (88-мүнөт) эсебине бир гол жаза алышты.

Бул оюн 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-айлампасынын акыркы беттештеринин бири болчу.

Эки команда былтыр 13-июнда Индияда беттешип, Кыргызстан 1:0 эсебинде утулган.

Кыргызстандын курама командасы 22-мартта Мьянманын футболчуларын 5:1 эсебинде утуп, Азия чемпионатына алгач ирет жолдомо алган.

Азия кубогунун (Азия чемпионатынын) 3-айлампасындагы тандоо оюндарында Кыргызстан “А” тобунда Индия, Мьянма жана Макао менен ойноду. Алты оюндан кийин Кыргызстан менен Индиянын командалары 13төн упай топтошту.

Кошумча көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан өз тобунда 1-орун менен Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө жолдомо алганын команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдирди. Азиянын Футбол Конфедерациясынын расмий сайтында Индия Кыргызстанга утулганына карабай "А" тобунда көч башын жетектегени жарыяланды. Мьянмада 8 упай бар. Макаодо упай жок.
Тайпада алдыңкы эки орунду ээлеген командалар финалдык бөлүккө жолдомо алышты.

2019-жылдагы Азия кубогунун финалдык бөлүгү 5-январдан 1-февралга чейин Бириккен Араб Эмирлигинин төрт шаарында өтөт. Ага 24 команда катышат.

XS
SM
MD
LG