Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:21

Трамп Орусияга каршы санкцияларды бир жылга узартты


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Бул тууралуу Ак үйдүн сайтында жазылды. Вашингтон алгачкы жолу санкцияларды 2015-жылы 1-апрелде киргизген.

2016-жылы декабрда санкциялар кеңейип, тизмеге Орусиянын ФКК, Башкы чалгын башкармалыгы жана анын жетекчилиги, башкармалык менен байланышы бар компаниялар кирген. Санкция алардын АКШга киришине тыюу салып, Америка аймагындагы алардын банк эсептерин жабат.

Жардык кабыл алынгандан кийин, 2016-жылы АКШ орусиялык 35 дипломатты чыгарган. Алар орус чалгын кызматы менен байланышы бар деп ше саналып жатат. Мындан тышкары АКШнын бийлиги Мэриленд жана Нью-Йорк штаттарындагы Орусияга тиешелүү эки кыймылсыз мүлктү камакка алган.

Ал кезде Кремл буга жооп кайтарган эмес. Москва былтыр жайында, АКШ Орусияга карата жаңы санкцияларды бекиткен соң, америкалык дипломаттарды чыгарып, дипломаттык миссия колдонуп келген дачаны алып койгон. Бул орусиялыктарга АКШга кирүүгө виза берүү кризисине алып келген.

XS
SM
MD
LG