27-мартта катуу шамал Нарын облусунда айрым имараттардын чатырын учуруп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, ылдамдыгы секундасына 25 метрге жеткен шамал Нарын районундагы Учкун, Алыш жана Дөбөлү айылдарында турак үйлөрдүн, Куланак айыл өкмөтүнүн имаратынын, Достук жана Дөбөлүдөгү мектептердин чатырын учуруп кеткен. Адам өмүрүнө шамалдын зыяны тийген эмес. Жарандык коргонуу комиссиясы чыгымды тактап жатат.
27-мартта түнкү саат ондо нөшөрдөн улам Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жолду суу жууп кетти. Расмий кабарга ылайык, Казарман-Актал-Чат жолунун боюндагы Ак-Союл суусу кирип жатат. Жол жабык, жабыркагандар жок.
Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Боом капчыгайында 15 кубометр таш кулаган.
28-мартка караган түнү Жалал-Абаддын Аксы районунда нөшөрдөн улам Кербен шаарындагы төрт үйдүн короосун суу каптады.
Кара-Кулжа районунда жер көчкү жылып, 1-Май, Кара-Кулжа, Биймырза айылдарын таза суу менен камсыз кылган түтүктү жарактан чыгарган. Электр өткөргүчтөргө жана ички чарбалык жолдорго кооптуу кырдаал түзүлгөн. Өкмөт башчы бул райондогу жагдайды жөнгө салууну тапшырган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери аталган бардык аймактарда тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. (SE)