Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Кыргызстанда 1130 мамлекеттик ишкананын 60ы гана кирешелүү


Нарындагы имарат. Иллюстрациялык сүрөт.
Нарындагы имарат. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жалпы катталган 1130 мамлекеттик ишкананын 98и гана иштейт. Алардын ичинен 60тайы гана кирешелүү.

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште “Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулаган учурда Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев билдирди. Анын айтымында, учурда 780 мамлекеттик ишкана иштебейт деп табылган. Учурда аларды кыскартуу, жоюу же бириктирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ал эми жети ишкананы акционердик коом кылып түзүү маселеси каралууда.

Буга чейин Дүйнөлүк банк электрондук портал ачып, мекемелердин тизмесин түшүрүүгө 2014-жылы 684 миң доллар грант бөлгөн. Өкмөттүн туруктуу өнүктүрүү программасынын алкагында мамлекеттик мекемелерди инвентаризациялоо иштери 2015-жылы бүтүшү керек болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG