Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:14

Зулушев: Өкмөт банкрот болду


Курманкул Зулушев.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев бүгүн парламент жыйынында Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка байланыштуу маселени көтөрүп, тийиштүү кызматкерлер жоопко тартылбай жатканын сынга алды. Эл өкүлү буга байланыштуу өкмөттүн маселесин кароо зарылдыгын белгиледи.

- Эгер биз ЖЭБдеги коррупцияны ачып иш козгой албасак, анда өкмөт, президент, депутаттар "коррупция менен күрөшүп жатабыз" деген маселени айтпашыбыз керек. Элге уят болобуз. Бүгүн биз прокуратуранын, өкмөттүн отчетун карап отурбай чукул кадамга барып, өкмөттүн маселесин карашыбыз керек. Иштей турган, жигердүү өкмөттү түзүшүбүз керек. Бүгүн өкмөт саясий жактан да, финансылык жактан да, кадрдык жактан да банкрот болду.

УКМК буга чейин ЖЭБди оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн акчаны кымырып алуу фактылары аныкталганын, Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. ЖЭБдин ишин көзөмөлдөгөн "Электр станциялары" ачык акционердик коому от казандарды ремонттош үчүн жасалма тендер өткөргөнү кабарланган.

УКМК өкмөт аппаратынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиев ЖЭБдеги тендер боюнча суракка чакырылганын 22-мартта билдирген.

"Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев ушул айдын башында камакка алынган. Ага Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоодо ири суммадагы акчаны кымырып алуу фактысы боюнча айып тагылган жана "оңдоп-түзөө иштерине жасалма келишимдерди түзүп, компанияларга акча которгон" деп маалымдалган.

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши 2014-жылдын 26-апрелинде башталып, былтыр аягына чыккан. Модернизациялоо долбоору 386 млн. долларга бааланган. Быйыл 26-январда болгон өндүрүштүк кырсыктан кийин 386 млн. доллар насыя жумшалган долбоор "техникалык-экономикалык негиздемеси жок, аны салган ишкана тендерсиз эле тандалып алынган" деген сынга кабылган. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG