Өзбекстан менен Казакстан Ислам дининдеги майрамдарды мындан ары дайыма бир күндө белгилешет. Эки мамлекеттин башкы диний ишмерлери ушундай меморандумга кол коюшту.
"Азаттыктын" өзбек кызматы аталган өлкөлөрдүн маалымат булактарына таянып билдиргендей, Өзбекстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын төрагасы Усманхан Алимов менен Казакстандын муфтийи Серикбай Ороз Ташкентте жолугушуп, макулдашышкан.
Меморандумда тараптар орозо айт, курман айт жана башка майрам күндөрүн белгилөөдө бирдиктүү чечим, фатва менен иш жүргүзүүгө милдеттүү экени жазылган.
Буга чейин айт майрамдары айдын чыгышына карап Борбор Азиядагы мамлекеттерде ар башка күндөрү белгиленген учурлар болгон.