Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Бишкектин жогору жагында жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасын президенттин аппаратына берүүнү сунуш кылды. Эл өкүлү бардык өлкөлөрдө президенттин өзүнүн мекемеси бар экенин билдирди.
- Президенттин ант берүү аземинде "жаңы шайланган жана мурдагы президент Жогорку Кеңештин имаратын көздөй бет алды" деп айтып жатышат. Президенттин өзүнүн ишмердигин жүргүзө турган имараты жок. Ошол “Ысык-Көл” мейманканасын президенттин аппаратына, иш башкармалыгына берсек болбойбу? Ыңгайлуу жерде, сөзсүз эле сатылышы керекпи? Президенттин өзүнүн имараты болбогон бир да өлкө жок экен. Бир казанда эки кочкордун башы кайнабайт да. Президент Жогорку Кеңештин имаратында отурат, эмне, ал ижарачыбы?
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөберидев бул маселени президенттин иш башкармалыгы чечиши керек экенин айтты.
Бүгүн парламент “Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда карады. (КЕ)