Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 06:50

Кыргыз жана өзбек өкмөт башчылары баштаган жоон топ Ферганада жолугат


Кыргызстан менен Өзбекстандын туулары.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын жетекчилери эки өлкөнүн премьер-министрлери баштаган жыйынга чогулат. 29-мартта Фергана шаарында өтө турган жолугушууда ар тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселеси каралат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Былтыр сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келгенде өкмөт аралык өз ара ымала жөнүндө меморандум кабыл алынган. Макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн чектеш облустардын бийлик өкүлдөрүнүн кеңешин түзүү маселеси каралган. Ферганада уюштурулуп жаткан жолугушуу ошол кеңештин алгачкы жыйыны болуп саналат.

Бишкек менен Ташкенттин соңку бир топ жылдан бери сууп турган мамилеси Шавкат Мирзиёев президент болгондон кийин жанданган. Өзбекстан бир тараптуу жаап, эрежеси катаалдашкан чек ара өткөрүү пункттары ачылып, элдин ары-бери каттоосу жеңилдеген. Чектеш жерлерде делимитация жана демаркация иштерин жүргүзүү уланууда.

Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары Өзбекстандын Анжиян, Фергана жана Наманган облустары менен чектешет. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG