Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Театрда иштеген чарбалык жана техникалык кызматкерлер сыйланды


Бишкектеги опера жана балет театры.
Бишкектеги опера жана балет театры.

Кыргызстандагы театрларда иштеген чарбалык жана техникалык кызматкерлер сыйланышты. Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Бишкек, Ош, Ысык-Көл, Нарын жана Чүйдө театрларда эсепчи, электрик, жарык коюучу, костюм менен камсыздоочу болуп иштеген бир катар жумушчуларга "Маданияттын мыктысы" ардак белгисин тапшырды.

Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, алар маянанын аздыгына карабай, өз кесибине берилип иштеп келатканы үчүн сыйлыкка татыктуу деп табылды.

Расмиий маалыматка ылайык, Кыргызстанда майда жана ири 704 маданий мекеме бар. Аларда эки миңден ашуун адам эмгектенет. (SE)

XS
SM
MD
LG