Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:24

Акын жана журналист Кемел Бакашев 82 жашында дүйнө салды


Кемел Бакашев.
Кемел Бакашев.

Акын жана журналист Кемел Бакашев 28-мартта, 82 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Жазуучулар жана Журналисттер бирикмелеринин мүчөсү, эл агартуунун мыктысы Кемел Бакашев 1936-жылы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Ак-Булуң айылында төрөлгөн. Каракол шаарындагы Педагогикалык институтту аяктап, көп жыл Ыбырай Туманов атындагы мектепте эмгектенген.

Анын "Он сегиз жаш" деген ырына обон жаралып, жарым кылымдан ашуун убакыттан бери ырдалып жүрөт. "Ата журт жана махабат", "Он сегиз жаш", "Күү залкары Ыбырай Туман уулу", "Өмүр изи" аттуу китептердин автору. Ырлары орус ана якут тилдерине которулган.

"Азаттык Медиа" жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтат. (SE)

XS
SM
MD
LG