Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:48

Ош шаарынын тургундары Кемероводогу кырсыкта жакынын жоготкондорго көңүл айтты


Ошто Кемероводо курман болгондорго арналган гүлдөр.
Ошто Кемероводо курман болгондорго арналган гүлдөр.

Кемероводо өрттө курман болгондорду эскериш үчүн алар Орусиянын Оштогу башкы консулдугуна келип, гүлдөрдү жана оюнчуктарды коюшту. Көңүл айтканы келген шаардыктарга Орусиянын Оштогу башкы консулу Роман Свистин ыраазычылык билдирди:

- Бул күндөр биз үчүн өтө оор. Жеке мен теледен жаңылык да көрө албай калдым... Көп киши каза болду, тилекке каршы, басымдуусу балдар... Баарыңыздарга ыраазычылык билдирем.

Аягында "Грамотей" мектебинин окуучулары Кемероводо соода борборундагы өрттө курман болгон балдардын элесине арнап, асманга ак шарларды учурушту. Уюштуруучулардын бири, жарандык активист Хулькар Исамованын "Азаттыкка" айтканы боюнча, Кемерово алааматынын курмандыктарын эскерүү улана берет.

Оштогу өкмөт өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов менен Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Орусиянын консулдугунун имаратына гүлчамбар коюп, эскерүү китебине көңүл айтуу жазган.

25-мартта Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" оюн-зоок соода борборунда чыккан өрттөн 64 киши набыт болгон. Буга байланыштуу 28-март Орусияда улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган. (MdN)

XS
SM
MD
LG