Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Ферганада кыргыз-өзбек өкмөт башчылары жолугат


29-мартта боло турган жолугушууга Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын жетекчилери да катышмакчы. Анда ар тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселеси караларын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Былтыр сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келгенде өкмөт аралык өз ара ымала жөнүндө меморандум кабыл алынган. Анда эки өлкөнүн чектеш облустарынын бийлик өкүлдөрүнүн кеңешин түзүү маселеси каралган. Ферганада уюштурулуп жаткан жолугушуу ошол кеңештин алгачкы жыйыны болмокчу.

Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары Өзбекстандын Анжиян, Фергана жана Наманган облустары менен чектешет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG