Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:43

Сейдикум айыл аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Cуу ташкын коркунучунан улам Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Сейдикум айыл аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди.

28-март күнү Кара-Үңкүр дарыясы кирип, суу нугунан ашып кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аймактагы Кызыл-Ай айылынын МТФ участогунда “Алтын-Була” пахта тазалоочу заводунун аймагын жана 100гө жакын турак-жайларды суу каптап кетүү коркунучу келип чыккан.

Министрликтин адистери техника менен жана жергиликтүү 30 тургун дарыянын жээгин бекемдеп жатышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов бул маселени бүгүн парламент жыйынында да көтөрүп, кырсыктын алдын алууга көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактарында суу ташкыны жаралышы ыктымалдыгын эскертилүүдө. Министрлик мунун алдын алыш үчүн суу каналдарын, дренаждык тармактарды убагында тазалоого чакырды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG