Бүгүн күн тартибине коюлган "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамдын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги сунуш кылып жаткан редакциясын айрым депутаттар сынга алган. Долбоор "балдарга жөлөкпул алууда бюрократиялык тепкичтер көбөйөт" деген жүйө менен 7-мартта каралган эмес. Бир жумадан кийин ал 1-окууда кабыл алынган.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аталган мыйзам долбоорунда муктаждыкка карап, "аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гана жөлөкпул берилсин" деген өзгөртүү киргизилгенин, жаңы мыйзам майып балдарга берилчү жөлөкпулду көбөйтүү маселесин да камтыганын билдирип жатат.
"Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясын өткөн жылы Карамат Орозова, Аида Касымалиева баштаган депутаттар тобу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен чогуу иштеп чыгышкан. Аны 2017-жылы жай айында парламент кабыл алып, президент кол койгон.
Документ быйыл 1-январда күчүнө кирүүгө тийиш болчу. Бирок өкмөттүн "документте оңдоого муктаж жана кошумча изилдей турган жоболор бар" деген өтүнүчү менен Жогорку Кеңеш анын ишке кирүү мөөнөтүн 1-апрелге чейин узарткан.
Мыйзам долбоорун былтыркы президенттик шайлоо алдында кабыл алынган "популисттик кадам" катары баалагандар да бар.(ZKo)