Кемероводо ыктыярчылар дайынсыз жоголгондордун тизмесин түздү.
"ВКонтакте" соцтармагында жазылган маалымат боюнча, ыктыярчылар тобунун бул аракети Кемерово облусунун вице-губернатору Сергей Цивилевдин макулдугу менен жүрүп жатат.
Расмий эмес тизмеде курман болду деп эсептелген 64 кишиден тышкары дайынсыз жоголду деп эсептелген 29 кишинин аты-жөнү бар. "Алардын басымдуу бөлүгү трагедия болгондон бери үйүнө барган эмес", деп билдиришти ыктыярчылар.
25-мартта Кемероводогу "Зимняя вишня" соода борборунда өрт чыгып, расмий маалымат боюнча 64 адам набыт болгон, анын 41и балдар.