Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 01:49

ЕККУ Дүйшөмбүнү журналисттерди террордук тизмеден чыгарууга чакырды


Харлем Дезир.

ЕККУнун басылмалардын эркиндиги боюнча өкүлү Харлем Дезир Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Асловго кат жазып, терроризмге тиешеси бар адамдардын тизмесинен журналисттерди чыгарууга үндөдү. ЕККУнун Венадагы кеңсеси кат 28-мартта жөнөтүлгөнүн билдирди.

Эки жума мурда Тажикстандын Улуттук банкы терроризмге тиешеси бар адамдардын тизмесин жарыялаган. Мекеменин Финансы мониторинг департаменти түзгөн тизмеге өлкөнүн 1 миң 372 жараны киргизилген.

ЕККУ тизмеге 14 ЖМК кызматкеринин аты-жөнү «татыксыз» киргизилген деп эсептейт. Харлем Дезир Тажикстандын бийлиги ал журналисттердин кандайдыр мыйзамга каршы келген аракеттери далилденбегенин билдирип, алардын терроризмге байланыштуу айыпталгандардын тизмесинде турушу өмүрү менен коопсуздугуна коркунуч жаратарын белгиледи.

Азырынча Тажикстандын бийлиги ЕККУ өкүлүнүн бул катына эч кандай реакция жасай элек.

XS
SM
MD
LG