Президент Сооронбай Жээнбеков 28-мартта мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева "Азаттыкка" билдирди.
Стамалиева жолугушуунун чоо-жайын толук айткан жок, бирок буга чейин да экөө кезигишкенин кошумчалады.
Бийликтеги Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) курултайы быйыл 31-мартка белгиленген. Анда партиянын төрагасы бекитилмекчи. Ошондой эле Атамбаевдин кийинки саясий кадамдары аныкталары тууралуу сөздөр айтылып келет. Буга чейин КСДПнын курултайы бир канча жолу жылдырылган.
Пикирлерди көрүңүз (27)
дагы пикирлерди жүктөө