Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:18

Тазабек Икрамов парламентке KG номурду кайтарууну сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламентке KG сериясындагы автоунаа номурларын кайтарууну сунуштады. Муну ал эл өкүлдөрүн жер-жерлерде адамдар таанып-билиши жана башка түрдүү тоскоолдуктарга кабылбоо үчүн зарыл деп түшүндүрдү:

- Машине жана башкалардын баары кетти, мейли. Бирок KG номурду кайтаруу керек болуп жатат. Эл өзү шайлаган депутаты келдиби же жокпу, билиши керек. Номурду кайтарып берсе жакшы болот эле. Аны депутат өзүнүн машинесине тагып алабы же таксиге чыкса, таксиге кадайбы, өз иши. Жогорку Кеңештин ар бир депутатынын өз номуру болушу керек. Болбосо, өкмөт деле, башкалар деле жөнөкөй номурда жүрүшсүн.

Икрамов бул сунушун 29-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтты.

Парламенттин азыркы курамы - VI чакырылыштагы депутаттар кызматтык унаа жана KG сериясындагы номурлардан баш тарткан.

Быйыл февралда депутат Камчыбек Жолдошбаев кызматтык унааларды кайра кайтаруу маселесин көтөргөн. Ал айрым кызматташтары маршруттук таксиде жүргөнүнө, жумушка жөө каттап жатканына уяларын айткан эле. (SE)

Тазабек Икрамовдун сунушун бул жерден угуңуз:

"Депутаттары эл таанышы үчүн KG номурду кайра бергиле"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG