Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

Скрипаль кызы экөө аман калаарына үмүт аз


Сергей Скрипаль кызы Юлия экөө.
Сергей Скрипаль кызы Юлия экөө.

Сергей Скрипаль менен кызы Юлия жакшы болуп жашап кетиши өтө күмөн. Бул тууралуу орусиялык мурдагы тыңчынын карындашы Би-Би-Сиге билдирди. Виктория Скрипалдын айтымында, алар тирүү калат деген божомол 1 пайызды гана түзөт, комадан чыкса да өмүрүнүн аягына чейин майып болуп калышат. "Улгайган энесине ууландыруу окуясы жөнүндө айтылган эмес", - деди Виктория.

Мурдагы тыңчыга кол салууну териштирген полиция кечээ жаңы маалымат таратты. Ага ылайык, Скрипалдар нерв системасын шал кылуучу затка адегенде үйүндө кабылган. Тактап айтканда уунун эң жогорку концентрациясы кире бериштеги эшиктен табылган.

Тергөөчүлөр шаардын башка жерлеринде да уулуу заттын издери бар болуп чыкканын, бирок көлөмү анча көп эмес экенин маалымдады.

4-мартта Башкы чалгындоо башкармалыгынын мурдагы полковниги кызы экөө Британиянын Солсбери шаарчасында эс-учун жоготкон абалда табылган. Лондон аларды ууландыруунун артында Москва турат деп эсептейт жана орусиялык 23 дипломатты өлкөдөн чыгарып жиберди. Кремль бардык дооматтарды четке кагып, ошондой эле жооп кайтарды. Британияга тилектештик иретинде Батыштын бир катар мамлекеттери жалпы жонунан орусиялык 100 дипломатты чыгарып жиберди.

XS
SM
MD
LG