Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:13

Жамгырдан улам Ошто үйлөрдү суу каптады


Оштогу суу каптаган үйлөр. Сүрөт ӨКМге таандык.

Ош шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Айтиев көчөсүндөгү №3, Зайнабединова көчөсүндөгү №17, Курманжан Датка көчөсүндөгү №244 көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериштерин жана 8 турак үйдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Баштапкы маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.

Жеринде кырдаалды жөнгө салыш үчүн ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынан ыкчам топ, Ош шаардык куткаруу кызматынан 15 куткаруучу тартылып, мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруп, тазалап беришти. (ErN)

XS
SM
MD
LG