Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Эки Кореянын президенттери 27-апрелде жолугушат


Ким Чен Ын жана Мук Чже Ин.
Ким Чен Ын жана Мук Чже Ин.

Эки Кореянын президенттери 27-апрелде чек ара аймагындагы айылда жолугушат. Мындай кабарды Түштүк Кореянын "Yonhap" маалымат агенттиги жергиликтүү расмий адамдарга шилтеме берүү менен таратты.

Бул – 1950-53-жылдардагы согуштан кийинки үчүнчү, жогорку деңгээлдеги кездешүү болмокчу. Саммит Пхеньяндын өзөктүк программасынан улам пайда болгон тирешүүнү жөнгө салуудагы олуттуу дипломатиялык кадам катары каралууда.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Индин жолугушуусу тууралуу 28-мартта эки өлкөнүн өкүлдөрү чек арадагы Панмунж айылында сүйлөшүү өткөргөндөн кийин кабарланды.

4-апрелде дагы бир жыйын болуп, анда протокол, коопсуздук маселелери, маалымат каражаттарынын кездешүүдөгү иш тартиби талкууланат.

Ким Чен Ын апта башында Бээжинде Кытайдын жетекчиси Си Цзинпин менен жолугуп кеткен.

Ал эми май айында Түндүк Кореянын президенти АКШнын мамлекет башчысы Доналд Трамп менен кездешет деп күтүлүүдө.

Эки кореянын лидерлери буга чейин 2000 жана 2007-жылы Сеулда бийликте либералдуу өкмөт турган кезде сүйлөшүү өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG