Нобел тынчтык сыйлыгынын эң жаш лауреаты Малала Юсуфзай алты жыл мурда болгон талиптердин кол салуусунан кийин алгачкы жолу мекенине кайтып барды. Кыздардын мектепте билим алуусу үчүн күрөшкөн активист Пакистанда төрт күн болуп, премьер-министр Шахид Хакан Аббаси менен жолугушары күтүлүп жатат.
Аны 2012-жылдын декабрь айында Сват өрөөнүндө мектепке бараткан автобуста отурган жеринен талиптер башка атып кеткен. Куралчан эки адам автобусту токтотуп, алардын бирөө Малаланы көздөй жакын аралыктан ок аткан.
Башынан жарадар болгон 14 жаштагы өспүрүм дарылануу үчүн Британияга жеткирилип, бир нече операциядан соң өзүнө келген. Кол салууга чейин эле Малала Би-Би-Сиге жазган блогдору аркылуу көпчүлүккө таанылып калган. Анда ал 2007-2009-жылдарга чейин Сват өрөөнүн башкарып турган талиптер кыздарга мектептен билим алууга тыюу салып жатканын жазып турган.
2014-жылы Малала 17 жашында Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татып, кийинчерээк Улуттар Уюмунун эң жаш элчиси болуп калды.