Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Жалал-Абадда мыйзамсыз курал алып жүргөн беш киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мыйзамсыз курал алып жүргөн беш кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады.

Беш-Таш участкогунда кармалган адамдардын жанынан 12 мм калибрлүү бир, 12 калибрлүү беш жолу октолуучу “SARSILMAZ” үлгүсүндөгү бир жана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү бир мылтык алынган. Ошондой эле кыркка жакын ок табылган. Алардын курал-жарактарында эч кандай уруксат кагаздары жок болуп чыккан.Кармалгандар балык уулоого жана аңчылыкка чыкканын айтышкан.

Кармоо операциясын чек арачылар УКМКнын кызматкерлери менен чогуу жүргүзүшкөн. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин колго түшкөн адамдарды жана алардын куралдарын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аймактык бөлүмү алып кетти. Тергөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG