Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:56

Орусия Британиядан Юлия Скрипал боюнча документтерди сурады


Мурдагы орус чалгынчысы Сергей Скрипал менен кызы Юлия 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында көчөдө эс-учун жоготкон абалда табылган.
Мурдагы орус чалгынчысы Сергей Скрипал менен кызы Юлия 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында көчөдө эс-учун жоготкон абалда табылган.

Орусиянын Тергөө комитети Британиянын тиешелүү мекемелерине кайрылып, мурдагы орус чалгынчысы Сергей Скрипалдын кызы, Орусиянын жараны Юлиянын ууландырылышы боюнча кылмыш ишине укуктук жардам көрсөтүүнү сурады. Бул тууралуу комитеттин өкүлү Светлана Петренко билдирди. Анын айтымында Орусия тергөө ишине караштуу документтердин – окуя болгон жерди текшерүүнүн протоколун, Юлиянын медициналык жана башка экспертизаларынын көчүрмөсүн талап кылды.

Британияда болгон бул окуя боюнча Орусияда "Киши өлтүрүү аракети" беренеси менен кылмыш иши 16-мартта козголгон.

4-мартта Башкы чалгындоо башкармалыгынын (БЧБ) мурдагы полковниги кызы экөө Британиянын Солсбери шаарчасында эс-учун жоготкон абалда табылган. Лондон аларды ууландыруунун артында Москва турат деп эсептейт жана орусиялык 23 дипломатты өлкөдөн чыгарып жиберди. Кремл бардык дооматтарды четке кагып келатат жана жооп кайтарып, британ дипломаттарын өз аймагынан чыгарган.

Британияга тилектештик иретинде Батыштын бир катар мамлекети жалпы жонунан орусиялык 100 дипломатты чыгарып жиберди. Орусия бул кадамдын «достукка жатпаган кадам» деп атап, ушундай эле жооп кайтараарын билдирди.

XS
SM
MD
LG