Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

"Тез жеттин" бузулган учагы оңдоло элек


Кыймылдаткычы бузулган учак.
Кыймылдаткычы бузулган учак.

"Tez Jet" авиакомпаниясынын Бишкек-Баткен багытында баратып, кыймылдаткычы иштен чыккан учагы оңдоло элек. Ремонт эми эле башталганын ишкананын аткаруучу директору Ян Екимовский "Азаттыкка" билдирди.

1-мартта "Tez Jet" авиакомпаниясынын "Бишкек-Баткен" каттамында бараткан учагынын бир кыймылдаткычы күйүп кеткен. Жарым жолдон артка кайтып, "Манас" эл аралык аэропортуна конгон учактагы жүзгө жакын адамдын эч кимиси жабыркаган эмес. Жарандык авиация агенттиги окуя боюнча түзгөн иликтөө комиссиясы ишин аяктай элек.

Ички иштер министрлиги бул боюнча кылмыш ишин козгогон. Окуя Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси "Транспорт каражаттарын сапатсыз оңдоо жана аларды техникалык бузуктары менен пайдаланууга чыгаруу" менен иликтенип жатат.

Аба каттамдарына күнү-түнү байкоо жүргүзгөн "Flightradar 24" глобалдык кызматынын сайтындагы маалыматка караганда, кыймылдаткычы бузулган учак 552 чакырым ылдамдыкта, 6505 метр бийикте бараткан. Ошол күнү 32 мүнөт учкан. Аны аман-эсен кондурган учкучтарды сыйлоо жөнүндө сунуш киргизилген.

Кыймылдаткычы күйгөн "Avrojet RJ–85" учагы Британия өндүрүшүнөн 21 жыл мурда чыккан жана ага 99 жүргүнчү батат.

Быйыл март айында "Тез жеттин" Бишкек-Баткен багытында бараткан учагы үч жолу дарегине жетпей, артка кайткан. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG