Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Иманалиев: Мамлекеттик резиденцияда 3-4 жетекчи гана жашашы керек


Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "Ала-Арча" резиденциясына курулган үйүнө байланыштуу пикирин "Азаттыкка" билдирди. Депутат Башмыйзамда экс-президентке унаа, жансакчы, жардамчы өмүрүнүн аягына чейин бериле тургандыгы жазылганын эсек салып, үй тууралуу айтылбаганын белгиледи:

- Бул үй боюнча ким менен кимдин ортосунда түзүлгөн келишим бар, бул канчалык деңгээлде мыйзамга туура келет - документтер менен таанышып чыкканча айтуу кыйын. Бирок менимче Башмыйзамда үй тууралуу жазылган эмес. Айта кетүүчү нерсе - биз мамлекетибиздин бюджетин, чама-чаркын карап жашашыбыз керек. Биринчиден, резиденцияда 3-4 эле жетекчи жашашы керек. Бизде кандай? Учурда "Ала-Арчада" он чакты жетекчи, мэр, коопсуздукка тийиштүү министр да жашайт. Вице-премьерлер жашайт. Кичинекей Кыргызстанга мунун кереги жок.

Депутат Каныбек Иманалиев жетекчи кызматтагыларга берилүүчү артыкчылыктар мыйзам менен тескелиши зарыл экенин айтып, "Жогорку Кеңешке өзүнчө, президенттик аппаратка өзүнчө иш башкармалык болгону ысырапкорчулукка барабар" деп кошумчалады.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы Мамлекеттик резиденцияда мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге жаңы үй салынганын ырастап, бул үйдү курууга жалпысынан 89,3 миллион сом сарпталганын билдирди. Маалыматка караганда курулуш, монтаж иштерине 77,8 миллион сомду Алмазбек Атамбаев демөөрчү катары берген, учурда ал жерде экс-президент үй-бүлөсү менен жашайт.

Курулушка сарпталган акчанын калганы кайсы булактан коротулганы айтылган жок. Иш башкармалыктын маалыматы боюнча Алмазбек Атамбаев үчүн курулган дача мамлекеттин менчиги болуп эсептелет жана аны менчиктештирүүгө мүмкүн эмес. Имараттын жалпы аянты 301,8 чарчы метр.

Маалыматта бул дача президент Сооронбай Жээнбеков жашап жаткан «Ордо» конок үйүнөн кичирээк экени айтылат.

Экс-президентке берилүүчү жеңилдиктер тууралуу мыйзамга ылайык, мурдагы мамлекет башчы өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттик дачада жашоо укугуна ээ. (ZKo)

XS
SM
MD
LG