Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:58

Каптагаев: Экс-президентке мамлекеттик резиденцияда жашоого мыйзам жол берет


Эмилбек Каптагаев.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев экс-президент Алмазбек Атамбаевге арнап Мамлекеттик резиденцияда турак-жай салынышынан кандайдыр чоң маселе көрбөй турганын "Азаттыкка" билдирди:

- Менин билишимче, Мамлекеттик резиденциянын ичинде экс-президентке деп жаңы үй куруп жатышкан. Ошол үй курулуп бүтсө керек. Анткени резиденциядагы үйлөрдүн баары 60-жылдары тургузулган эски, типтүү үйлөр. Жакшы жылыбайт. Балким ошондон улам жаңы кургандыр. Негизи эле ал жерде оңдоп-жаңылоочу көп нерсе бар, бирок ага мамлекеттин акчасы жок да. Ошондуктан ал өзү жашай турган болсо, өзү каражат бергендир. Бул жерден мен өтө чоң деле чатакты же бир чоң маселени көргөн жокмун.

Буга чейин Интернет булактарында Алмазбек Атамбаев үчүн Мамлекеттик резиденцияга үй салынганы, ал 2017-жылы курулганы тууралуу маалымат чыккан.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы Мамлекеттик резиденцияга мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге жаңы үй салынганын ырастап, мамлекеттик резиденциянын аймагында бош мамлекеттик дача жок болгондуктан, жаңы имарат куруу жөнүндө чечим кабыл алынганын билдирди. Ага ылайык, №17 мамлекеттик дачаны курууга республикалык бюджеттен каражат коротулган жок. Курулуштун ички-тышкы инженердик-коммуникациялык жабдууларына, эки гаражы менен жалпысынан 89,3 миллион сом сарпталган. Курулуш, монтаж иштерине 77,8 миллион сомду Алмазбек Атамбаев демөөрчү катары берген. Азыр ал жерде экс-президент үй-бүлөсү менен жашайт.

Курулушка сарпталган акчанын калганы кайсы булактан коротулганы айтыла элек.

Иш башкармалык Алмазбек Атамбаев үчүн курулган дача мамлекеттин менчиги болуп эсептелээрин жана менчиктештирүүгө мүмкүн эместигин билдирди. Имараттын жалпы аянты 301,8 чарчы метр. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG