Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 03:57

Орус өкмөтү каржыланган "Russia Today" телеканалынын АКШнын башкалаасында көрсөткөн эки ТВ-станциясы (WNVT жана WNVC) 1-апрелден баштап ишин токтотот.

Телеканал жергиликтүү кабелдик системадан да жоголот. Телеканалдын башкы редактору Маргарита Симоньян "Russia Today" Вашингтондо башка булактар аркылуу чыга берерин билдирди. Анын айтымында, канал ишин "чет элдик агент" макамына байланыштуу токтоткон. Бул макам телеканалга былтыр ноябрда берилген.

Былтыр январда АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы америкалык шайлоо системасына орусиялык кибер-чабуул болгону тууралуу баяндама жарыялаган. Анда Орусия АКШдагы президенттик шайлоого хакерлердин жана "Russia Today", "Sputnik" сыяктуу маалымат каражаттарынын жардамы менен кийлигишкени айтылган. Баяндамада булар "үгүт машинеси" деп аталган.

Документте Кремлге баш ийген маалымат каражаттары жана Интернеттеги "сынчылар" АКШдагы президенттик шайлоого таасир эткени айтылып, "Russia Today" жана "Sputnik" маалымат каражаттарынын башкы редактору Маргарита Симоньяндын бул маанайдагы блогунан, билдирүүлөрүнөн цитаталар келтирилген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG