Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:29

Орусия жооп катары 60 америкалык дипломатты чыгарат


Сергей Лавров.
Сергей Лавров.

Москва Скрипалдын ууланышына байланыштуу орусиялык дипломаттарды чыгарып жаткан бир катар өлкөлөргө жооп кылып, алардын элчилик өкүлдөрүн чыгарат. Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Орусиядан АКШнын 60 дипломаты чыгарылат, алардын 58и Москвада, экөө Екатеринбургда иштеген. Алар өлкөдөн 5-апрелге чейин чыгып кетиши керек экендиги эскертилди. Эки күн ичинде АКШнын Санкт-Петербург шаарындагы башкы консулдугу да жабылат.

Орусиялык дипломаттарды чыгарарын 22 өлкө билдирген. Анын ичинде Евробиримдик өлкөлөрү, АКШ, Канада, Норвегия, Албания, Македония жана Украина бар. Жалпысынан бул мамлекеттердеги 140 орусиялык дипломат мекенине кайтып кетет. Бул чаралар мурдагы чалгынчы Сергей Скрипалдын уулануусуна байланыштуу суроолорго жооп берүүдөн Кремл баш тарткандан кийин көрүлүп жатат.

Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия март айынын башында англиялык Солсбери шаарында ууланышкан. Алар СССРде иштелип чыккан "Новичок" деген аталыштагы зат менен ууланганын тергөөчүлөр билдирүүдө. Лондон буга Кремлди айыптап, Москва дооматты четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG