Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Шахтада жараат алгандар жөлөк пулду көбөйтүүнү талап кылышты


Казакстандын Караганды облусундагы "АрселорМиттал Темиртау" шахтасында иштеп, жараат алган кенчилер жөлөк пулду көбөйтүүнү талап кылышты. Алар “Коргоо” кесиптик кошуунуна жардам сурап кайрылышты.

"Коргоо" кесиптик кошуунунун төрагасы Марат Миргаязов “декабрда кенчилер иш таштагандан кийин айлык акысы жогорулап, ушундан кийин өндүрүштө жараат алган майып кенчилер дагы жөлөк пулду көтөрүүнү талап кылышууда” деди.

Кесиптик кошуун Эмгек жана калкты иш менен камсыздоо министрлигине кат жолдоду. Мындан тышкары депутаттар менен дагы жолугушуу өткөрүүнү пландап жатышат.

Учурда Карагандыда “АрселорМиттал Темиртау” шахтасында жумуш иштеп, жараат алган үч миңге жакын адам бар.

XS
SM
MD
LG