Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Өзбекстанда окуучулар коммуналдык карыз тууралуу маалыматты айтууга милдеттендирилди


Окуучуларга таратылган кагаз
Окуучуларга таратылган кагаз

Өзбекстанда окуучулар ата-энелеринин коммуналдык кызматы үчүн карыздары тууралуу маалыматтарды чогултууга милдеттендирилди.

26-мартта Ташкент облусунун Янгийул районунда 6-9-класстын окуучуларына үйүндө суу, газ жана электр энергия үчүн эсептегичтеги көрсөтмөлөрдү толтуруу боюнча анкета таратылган.

Үч күн ичинде анкетаны толтурбагандарга начар баа коюлары эскертилген. Бул жергиликтүү тургундардын түшүнбөстүгүн жаратты.

Янгийул районундагы мектеп директорлорунун бири мындай көрсөтмө жергиликтүү бийликтен келгенин айтты.

Өзбекстан Башкы прокуратурасынын алдындагы Мажбурлап аткартуу бюросу мектеп окуучулары коммуналдык кызматтар жөнүндө маалыматтарды чогултуп жатканын четке какты.​

XS
SM
MD
LG