Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Алайкууда электр энергиясы өчүп, жолдор жабылды


Иллюстрация
Иллюстрация

Буга калың жааган кар себеп болгонун алайкуулук тургун Бакыт Бердалиев "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, эки күндөн бери тынымсыз жааган кардын калыңдыгы 35 сантиметрге жетип токтоду. Кардан улам электр зымдары үзүлүп, аймактагы Алайкуу, Кызыл-Жар, Ой-Тал айыл өкмөттөрү жарыксыз калган:

- Дээрлик үч күн болду электр энергиясы жок. Райондун борборуна баруучу жолдор жабык. Айылыбыздагы дүкөндөрдө азык-түлүк да азайып жатат. Азырынча кыйынчылык ушул.

Бул маалыматты Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканов да ырастады. Анын айтуусунда "Ош электр" ишканасынын адистери маселени чечиш үчүн өрөөнгө жөнөп кетишти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG