Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Кыргыз-өзбек өкмөт башчылары протоколго кол коюшту


Сапар Исаков жана Абдулла Арипов
Сапар Исаков жана Абдулла Арипов

Өзбек премьер-министри Абдулла Арипов жолугушуу жемиштүү болгонун белгилеп, жыйында эки тарап көп маселе боюнча бир пикирге келгенин билдирди. Анын айтуусунда, жыйында көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча тиешелүү органдарга тапшырма берилет.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаков чектеш жайгашкан аймактардын кызматташтыгы эки тараптуу мамилеге өзгөчө маанилүү экенин айтты.

"Биз күн тартибине коюлган көп маселе боюнча келише алдык деп ишенимдүү айта алам. Биздин делегация аймактар аралык кызматташтыктын жөндүү жолдоруна чыгуу максаты менен келгенбиз. Делегациянын алдына коюлган тапшырмалар мөөнөтүнөн кечиктирилбей аткарылууга тийиш", - деди Исаков.

Кыргыз өкмөт башчысы облустар аралык кеңештин кийинки жыйынын Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштап, өзбек премьер-министри баштаган делегацияны Кыргызстанга чакырды.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөт башчылары чектеш жайгашкан облустардын кеңешинин жыйыны боюнча протколго кол коюшту. Жыйын Фергана шаарында 29-мартта болуп өттү.

Былтыр сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келгенде өкмөт аралык өз ара ымала жөнүндө меморандум кабыл алынган. Ага ылайык, эки өлкөнүн чектеш облустарынын бийлик өкүлдөрүнүн кеңеши түзүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG