Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Кыргызстанда ичкиликке берилген аялдар көбөйдү


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда аялдар арасында ичимдикке берилгендердин саны жылдан жылга көбөйүп жатат. Мындай маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин башкы наркологу Татьяна Борисова билдирди.

Бишкектеги наркологиялык борбордо аялдардын бөлүмүндө 15 гана орун болсо, ага жатып дарылангандар көбөйүп кеткендиктен дагы кошумча беш орун ачылды.

Адистер аракка берилген аялдар менен иштөө абдан оор экенин белгилешүүдө. 2017-жылы Бишкекте ичкиликке берилип кеткендердин жалпы саны 3161 болуп, 2016-жылга салыштырмалуу 500 кишиге азайган. (BCh)

XS
SM
MD
LG