Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков 27-март - Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата көрүнүктүү өнөрпоздор, Эл артисттери, учурда ооруп жаткан Замирбек Сооронбаев жана Дүйшөн Байдөбөтовдун акыбалын сурады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.
Өкмөт башчы атактуу артисттерге атамекендик көркөм өнөргө кошуп келген салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.
- Сиздердин өз кесибиңерди сүйүп, жан дилиңерди берип, жана ушул ишиңерге кызылдай мээнетиңерди салып жатканыңарды билебиз. Өкмөт биздин тарых жана каада-салтка негизделген маданияттын жаңы, заманбап мейкиндиги үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачкан шарттарды түзгөнгө аракеттенет, - деп белгиледи Сапар Исаков.
Премьер-министр азыркы учурда өлкөнүн экономикалык жаатында алгылыктуу динамика байкалып жатканын баса белгиледи. Буга байланыштуу өкмөт маданият жаатына ар тараптан колдоо жана жардам көрсөтөрүн да кошумчалады. Өкмөт башчы Сапар Исаков Кыргыз Эл артисттерине бекем ден соолук каалап, каржылык жардам берди.
Буга чейин белгилүү театр режиссеру жана өнөрпоз Замирбек Сооронбаев менен таанымал театр жана кино өнөрпозу Дүйшөнбек Байдөбөтов ооруп, дарыланып жатканы айтылып келген. (ErN)