Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Бишкекте жол коопсуздугуна арналган "Жарык бол" акциясы өтөт


"Жарык бол" акциясынын жарнамасы.
"Жарык бол" акциясынын жарнамасы.

Бишкекте 30-мартта жол коопсуздугуна арналган "Жарык бол" аттуу акция өтөт. Иш-чара Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын "Мен жол эрежесин сактайм" аттуу республикалык долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, кечки саат беште эски аянтта өтө турган акцияда ырчы-бийчилердин коштоосунда түрдүү оюн-зооктор, флешмобдор болот. Келгендерге жол эрежесин сактоо тууралуу кеңештер айтылат.

Кыргызстанда соңку жылдары жол кырсыктары көбөйгөнү орчундуу темага айланган. Былтыр миңге чамалуу адам, быйыл үч айда 97 киши жол кырсыктарында набыт болду. (SE)

XS
SM
MD
LG