Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:25

Активист Ормуковдун абалы турукташып калды


Темирлан Ормуковдун ичин тилип жибергенден кийинки абалы. 29-март, 2018-жыл.
Темирлан Ормуковдун ичин тилип жибергенден кийинки абалы. 29-март, 2018-жыл.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын атайын ооруканасынын кардиология бөлүмүндө жаткан активист Темирлан Ормуковдун абалы турукташып калды. Бул тууралуу бейтапкананын башкы дарыгеринин орун басары Ирина Шевцова “Азаттыкка” билдирди.

- Темирлан Ормуков жүрөк оорусу боюнча абалы орточо туруктуу. Өтө жакшырып калды деп айта албайм, бирок турукташып калды. Дарылоо жүрүп жатат. Анын абалы көзөмөлдө турганы үчүн реанимация бөлүмүндө жатат. Келгенине бир сутка болсо башка бөлүмгө которулат. Ал эми ичиндеги тилик 0,5 сантиметрди түзөт. Анысы коркунучтуу эмес.

Көзү азиз активист Темирлан Ормуков кечээ Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында суракта олтурган учурда ичин устара менен тилип жиберген. Ал мындай кадамга өзүн куугунтуктоого каршылык иретинде барганын билдирген.

2016-жылы Башкы прокуратура Темирлан Ормуковдун президентти сындап, Интернетке жазган ырында “аймак аралык кастыкты козутуунун” белгилери аныкталганын жарыялаган. Бул боюнча арызды прокуратурага депутат Дастан Бекешев бергени айтылган.

Кийин Ормуков кайра Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевди бир катар мыйзамсыз иштерге айыптап, милицияга арыз жазган. Анын арызындагы маалыматтар ырасталбай калып, быйыл февраль айында Ормуковго “Жалаа жабуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кийин Октябрь райондук соту Ормуковду соттук отурумдарга келбей жатат деген жүйө менен бир айга №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Буга улай анын батири да камакка алынган.

Ормуков бул кылмыш иштерин саясий куугунтук деп атап келет. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов мындай дооматты четке каккан. (ErN)

XS
SM
MD
LG