Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:26

Депутат Музаффар Исаковдун иши сотко өттү


Музаффар Исаков
Музаффар Исаков

КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлдөрү 30-мартта өткөргөн маалымат жыйынында билдиришти.

Башкы прокуратура Музаффар Исаковго 13-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген.

Тергөөнүн маалыматы боюнча Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган.

Ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген. Ошондой эле тергөө маалында жарандар жер тилкелерин Исаков саткандыгын билдиришкен. Исаков болсо өзүнүн актыгын айтып келет.(UEz)

XS
SM
MD
LG