Экс-депутат Нурлан Сулаймановго козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын экономикалык кылмыштарды тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Абай Молдокматов Бишкекте өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, кылмыш ишинин токтотулушу анын издөөдө жүргөндүгү менен байланыштуу.
Башкы прокуратура Сулаймановго ал транспорт министри болуп турганда коррупциялык схема түзгөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш ишин козгогон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") боюнча айып тагылган. Тергөөнүн маалыматы боюнча Сулайманов жол курулушунда 250 млн. сомдук тендерди өз пайдасын көздөп өткөргөн.
2014-жылы Октябрь райондук сотунун чечими менен Сулаймановго издөө жарыяланган.
Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоо алдында Нурлан Сулайманов Сооронбай Жээнбековдун үгүт иштерине жардам берип Алайда жүргөнүн парламентте айткан. Бирок тиешелүү органдар бул боюнча түшүндүрмө берген эмес. (UEz)