Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

АКШ: Орусиянын дипломаттар боюнча жообун актоого болбойт


АКШнын Москвадагы элчилиги. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, америкалык 60 дипломаттын 58и Москвадан, экөө Екатеринбург шаарынан кетет.
АКШнын Москвадагы элчилиги. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, америкалык 60 дипломаттын 58и Москвадан, экөө Екатеринбург шаарынан кетет.

Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерстин билдиргенине караганда, Орусиянын америкалык дипломаттар тобун өлкөдөн чыгаруу жөнүндө чечими “АКШ менен Орусиянын мамилеси дагы начарлаганын” көргөзүп турат.

Ал эми Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Хизер Нойерт Москванын кадамы алар үчүн күтүүсүз эмес экенин белгилеп, буларды айтты:

- Бизге берилген тизмеден анык болуп тургандай, Орусия Федерациясы эки өлкө үчүн маанилүү маселелер боюнча диалогго кызыкпаганы билинип турат. Мен баса белгилеп кетейин - Орусиянын жообун эч актоого болбойт. Ал биздин толугу менен жөндүү аракеттерибизге карата өкүнүчтүү жана негизсиз кадамга баргандай.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн бул билдирүүсү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун кечээ кечиндеги жарыясынан кийин жасалды. Лавров АКШ, Британия жана башка мамлекеттер канча орус дипломатын чыгарса, Москва да ошончо чет элдик дипломаттарды өлкөдөн чыгарарын билдирген.

Орусия чечимине ылайык, АКШнын алтымыш дипломаты 5-апрелге чейин кетиши керек. Ошондой эле Санкт-Петербург шаарындагы америкалык консулдук жабылат.

Буга чейин Британияда орусиялык мурдагы чалгынчы Сергей Скрипал менен анын кызынын ууландырылышына жооп катары Британия, АКШ баштаган 29 өлкө 150дөн ашуун орус дипломаттарын чыгарган. (UE)

XS
SM
MD
LG