Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Абактарда кол өнөрчүлөрдүн камералары ачылды


Абактагылардын кол эмгектери.
Абактагылардын кол эмгектери.

Кыргызстанда терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондор жаткан абактарда кол өнөрчүлүк камералары уюшулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Таалай Жапаров “Азаттыкка” билдирди.

- Өндүрүштүк камераларда соттолгондордун бир тобу кийиз, булгаары жана сүрөт тартуу курстарын үйрөнө баштады. Окугандан кийинки биринчи өндүрүмү чыга баштады. Биздин абак жайларда терроризм жана экстремизм боюнча соттолгон 100дөй киши отурат. Алардын 90% "бизге да ушундай "кол өнөрчүлөр” бөлмөсүн уюштуруп бергиле" деп суранып жатышат.

Өндүрүштүк камералар БУУнун атайын долбоорунун алкагында каржыланган. Атайын программанын алкагында кол өнөрчүлөр бөлмөлөрү мындан да көбөйүшү мүмкүн. Ага жогоруда аталган эки беренеден башка айыптар боюнча соттолгондор да кире алышат.

Абактагылардын кол эмгектери Бишкекте ар кайсы иш-чараларда көргөзүлүп жатат.

Кыргызстанда 2017-жылдын он айында террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштар боюнча айыпталып 191 киши соттолгон. Алардын 14ү өмүр бою эркинен ажыратылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG