Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:50

Израил танкынын огунан палестин фермери мерт болду


Газа секторунун Израил менен чек арасына чогулган палестиндер. 30-март, 2018-жыл.

Бул тууралуу Палестинанын бийлик өкүлдөрү билдиришти. Алардын айтымында, Израил аткан октон бир фермер мүрт кетип, дагы бир адам жарадар болду.

Окуя палестиндердин Израилдин чек арасында өткөрүлмөкчү болгон нааразылык акциясы башталаар маалга туш келди. Хан Юнис деген шаарчанын жанында болгон окуяга Израилдин армиясы азырынча комментарий бере элек.

Газа секторундагы палестиндер Израилдин чек арасында чатыр тигүү менен алты апталык нааразылык акциясын баштаганы жатышат. Алар муну менен палестин качкындарынын азыр Израил тарапта калган жерлерине кайтуусуна мүмкүнчүлүк берилишин талап кылышмакчы. Ошого байланыштуу Израилдин чек арадагы аскерлеринин күжүрмөн даярдыгы күчөтүлгөн.

Нааразылык акциясын палестиндердин Газа секторун башкарган исламчыл ХАМАС кыймылы уюштурууда. ХАМАСтын лидерлери, Израил аскерлеринин өкүлдөрү да кыянатчылыктардан оолак болууну көздөшөрүн билдирип жатышат. (UE)

XS
SM
MD
LG