Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:44

Казак оралмандары Кытайдагы туугандарын коргоого аракеттенип жатышат


Алматы акимиатынын алдына келген оралмандар. 30-март, 2018-жыл.
Алматы акимиатынын алдына келген оралмандар. 30-март, 2018-жыл.

Бүгүн Алматыда шаардык акимиаттын алдына жергиликтүү бийликтен нааразылык акциясына уруксат сураганы оралмандардын он чакты өкүлү келди.

Оралмандардын өкүлдөрүнүн айтымында, нааразылык акциясы учурунда алар Кытайда кысымга кабылган туугандарынын укуктары сакталышын талап кылышмакчы.

Уюштуруучулар нааразылык акциясына миңдей адам жыйналат деп турушат.

Алматы акимиатына чогулгандардын бири, Кытайдан көчүп келип Казакстандын жарандыгын алган Даулетбек Ерболдун “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматына билдиргени боюнча, кытай бийлик өкүлдөрү анын 75 жаштагы апасынын паспортун алып коюшкан.

Ербол Кытайда “айрым казактардын документтери алынып, абакка түшкөн, саясий сабаттуулук боюнча сабактарга жөнөтүлгөн” учурлар кездешкенин кошумчалады.

Былтыр казак медиасында Кытайдын Шинжаң аймагындагы казактардын арасында жергиликтүү бийлик куугунтукка жана кысымга алгандар болуп жатканы тууралуу маалыматтар бир нече ирет жарыяланган.

Ал эми июнь айында Астанада казактардын Бүткүл дүйнөлүк курултайында анын делегаттарынын бири Кытайдагы казактар кабылган кысым тууралуу айтып чыккан. Курултайга президент Нурсултан Назарбаев өзү да катышкан.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги былтыр ноябрдын соңунда алар Кытайдын бийлиги менен “Кытайдагы казактардын көйгөйлөрү тууралуу” сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирген.

Кытайдын Шинжаң аймагында бир жарым миллиондой казак жашайт. (UE)

XS
SM
MD
LG