Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
Лавров 29-мартта БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стефан де Мистура менен жолуккан соң айтканына караганда, Сирия менен Орусиянын күчтөрү ал жерде калган козголоңчулардын көбүн эвакуациялады жана өкмөт азыр Чыгыш Гутанын 90 пайызын көзөмөлдөп турат.
Бул аймактын 90 пайызы Сирия армиясынын карамагына өткөнүн мурдараак байкоочулар да ырасташкан.
Президент Башар Асаддын күчтөрү Чыгыш Гутага февраль айында чабуул коё баштаган.
БУУнун жана укук коргоочу топтордун эсебинде, андан бери аба соккуларынан 1600дөн ашуун жайкын тургун кырылып, дагы миңдеген адамдар үй-жайынан айрылып, ачарчылыкка кабылды.
Батыш мамлекеттери жайкын тургундар арасындагы жоготууну азайтуу, гуманитардык жардам жетишин камсыз кылуу үчүн Чыгыш Гутада ок атышууну токтотууну көздөшкөн. Бирок БУУнун 24-февралда кабыл алынган резолюциясы аткарылган жок.
Чыгыш Гута - Сириянын борбору Дамаскка жакын жайгашкан жана мурда козголоңчулардын колунда турган район болчу. БУУнун эсебинде, 400 миңдей киши жашаган бул аймакты өкмөт 2013-жылдан бери камоого алып келген.