Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде окуган жүздөгөн студенттер жана алардын ата-энелери окуу мөөнөтүнүн узартылганына нааразылык билдирип чыгышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” студенттердин ата-энелеринен түзүлгөн комитеттин өкүлү Ибадат Тыныбекова билдирди.
- Биздин балдарыбыз ОшМУнун медицина факультетинде 6-курста окуйт. Алты жыл окуп, эми дагы эки жыл ординатурада билим алышат. Окуу жайы менен ошентип келишим түзгөнбүз. Эми болсо дагы "үй-бүлөлүк дарыгер" деген нерсени кошуп, буга үч жылдан беш жылга чейин кошумча окууну киргизип жатышат. Балдарыбыз дээрлик 11 жыл окугандан кийин гана диплом алат имиш. Биз буга чыдабайбыз, ата-энелер арасында жумушсуздар бар, ар кайсы катмардан турат, мынча жылга окууга акча төлөй албайбыз. Окуу жайынын жетекчилиги болсо жыргатып түшүндүрмө бербей жатат. Бүгүн ОшМУнун башкы имаратында жыйын өткөрүп, бирок талабыбызды орундатышкан жок. Биз бул нерсени жоюп, балдарыбызды мурдагыдай эле тартипте окутуп, диплом беришин талап кылып жатабыз.
Тыныбекованын айтымында, кеп болуп жаткан факультеттин 6-курсунда 380 студент окуйт. Алар окууга жылына 36 миң сомдон келишим акы төлөшөт. Ал эми ординатуранын бир жылдык келишим акысы 24 миң сомду түзөт.
Ата-энелер комитетинин мүчөсү ошондой эле эгер талаптары аткарылбаса президентке чейин кайрылышарын, ага да болбосо Ошто жана Бишкекте митингге чыгышарын кошумчалады.
Ал эми ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Расул Абазбек уулу бүгүн ректор Каныбек Исаков студенттер жана алардын ата-энелери менен жолугуп, жагдайды түшүндүргөнүн айтты. Анда алар ата-энелердин талабы өкмөткө жеткирилерин билдиришкен.
Абазбек уулу өкмөттүн 2017-жылдын 11-декабрындагы №798-токтомунун негизинде ординатурага үч жылдан беш жылга чейин окуу мөөнөтү кошулганын айтты. Ошондуктан студенттер коюп жаткан доомат диплом алгандан кийинки окууга тиешелүү жана аны өкмөт менен Саламаттык сактоо министрлиги чечет. (ErN)